Экономист Улук Кыдырбаев: "Сыртка кетип бараткан жараныбызга "чөнтөгүңдө 300 сом болушу керек" деген талапты коюу аткарылбай турган нерсе"

Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна экономист Улук Кыдырбаев жооп берди.

Ал чет жакка кетип баратканда кимиси турист, кимиси мигрант экени кандай жол менен аныктала турганы түшүнүксүз дейт.

“Камсыздандыруу төлөмүн алып жатканда мигрантпы же мигрант эмеспи кантип аныкталат? Мен бүгүн же эртең Астанага кетсем мигрант болуп каламбы? Же мен кетип бара жатканда сурап тактайбы, түшүнүксүз нерселер көп. Чет мамлекетке кетип жаткан жараныбызга “чөнтөгүңдө 300 сом болушу керек” деген талапты коюу аткарылбай турган нерсе. Ооба, бир жагынан туура, сыртка кетип бараткан Кыргыз жарандарынын акчасы жок болуп калбасын деп жатышат. Буга чейин жумушка чакырылып, чакырган тарап аларды көчөгө таштап кеткен учурлар да катталган. Ушул окуянын негизинде мигранттарды чакырган тарап алдын ала акча менен камсыз кылсын деген ой болушу мүмкүн же “сенин колуңда акча болушу керек” деген мажбурлоо болуп калабы? Бул демилгени ишке ашыруу оор болот, себеби айланасында суроо көп. Биз жабык мамлекет эмеспиз, чыгуу виза деген нерсе жок. Мисалы, 1996-жылы мен алгачкы жолу чет өлкөгө чыкканда ИИМден уруксат алгам. Кайсы жакка, кандай максатта кетип жатканымды түшүндүргөм. Азыр андай нерсе жок, эч ким токтото албайт", - деди Кыдырбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Руслан Казакбаев, Кубанычбек Нурматов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан