Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.
Эл өкүлү эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.
"Негизи эмгек мигранттарына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөдө ооруп калган же каза болгон жарандарыбызды камсыздандыруу маселеси көп жылдан бери талкууланып келе жатат. Бүгүнкү күнгө чейин кандай чечилгени, кыйын абалга туш болгон мигранттарга мекендештерибиз каражат чогултуп жардам берип келе жатканы да маалым. Миграция кызматынын ичинде фонд бар. Ал жактан каражат берилет. Тилекке каршы, ал каражат аз болуп жатат. Мигранттар чет өлкөгө акча табуу үчүн кетип жаткандан кийин өкмөт жардам бериши керек. Өкмөттүн атынан фонд ачып, аны бюджетке киргизип жардам берип турсак болмок. Ансыз деле мигранттарга олуттуу жардам бере албай жүрөбүз. Камсыздандыруу үчүн 300 сом өлчөмүндөгү төлөм деген сунушту алгач талкууга салуу зарыл. Акчаны бере турган мигранттар өзү эмеспи, алардын пикирин угуп көрүү керек. Ишке ашыруу механизмдери боюнча да маселе көп", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Кубанычбек Нурматов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов жана экономист Улук Кыдырбаевдин пикири бул шилтемеде.