Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов: "Камсыздандыруу механизмдерин так иштеп чыгышса оңой эле болот"

Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов жооп берди.

Ал мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу керек деген пикирин айтты.

"Жарандар өлкөдөн чыгып жатканда камсыздандыруу үчүн 200-300 сомдон төлөшсө деген маселени Кыргыз диаспорасы сунуш кылып келебиз. Талаа-түздө, чет жерде жүргөндө бир нерсе болсо мамлекет өз жаранына чыгашаларын төлөп жардам бермек. Механизмдерин туура, так иштеп чыгышса мигранттарга оңой эле болот. Азыркы учурда мамлекет "Жүк-200дү" алып келүүгө 50 миң сом төлөп берип жатат. Бул чындыгында аз. Ал нерсе ишке кирип калса эле эл түшүнөт", - деди Кошматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Руслан Казакбаев, Кубанычбек Нурматов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана экономист Улук Кыдырбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан