"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов: "Камсыздандырууга төлөнө турган каражат мамлекеттин бюджетин толтурууга кетпейт"

Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жооп берди.

Ал "Жүк-200” маселесин ишке ашыруу керек экенин айтты.

“Бул демилге көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Былтыр июль айында сыртта жүргөн мигранттардын катышуусунда тегерек стол жыйыны өткөн. Ал жыйынга мамлекеттик миграциялык кызмат жана парламенттин өкүлдөрү катышып, ошол жерден демилге көтөрүлгөн. Чет жакка мигрант катары кетип жаткан жарандар милдеттүү түрдө өмүрүн камсыздандыруу керек. Ал үчүн жылына 300 сомдон төлөнөт. Бул каражат мамлекеттин бюджетин толтурууга кете турган акча эмес. Эгерде чет жакта жүргөн кыргыз мигранттары капысынан каза болуп калса, алардын сөөгүн мекенине алып келүүгө жумшалат. Сөөктү алып келүүгө мамлекеттик бюджеттен 50 миң сом бөлүнөт. Бул каражат эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан өкмөттүн алдында мигранттардын өмүрүн камсыздандырган кампания болушу керек деп айтылган. Ушул демилгени колдоо керек. Азыр миграция кызматы да колдоп чыкты. Жакын арада парламенттин талкуусуна коюлат деп ойлойм. Учурда “Жүк-200” маселесин жөнгө салуу максатында ар бир кыргыз мигранттын өмүрүн камсыздандырууну кабыл алуу үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Топтолгон колдун саны 8 миңден ашты. Эгерде ушул маселе ишке ашып калса, жакынынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн социалдык тармактарга сүрөтүн чыгарып жардам сурагандар азаят. Мындай норма Европа мамлекеттеринин бардыгында бар. Түштүк Корея, Италия, АКШ, Түркия, Орусия жана башка өлкөлөрдө жүргөн мекендештерден демилгени колдойбуз деген видеокайрылуулар келип жатат”, - деди Молдокматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Руслан Казакбаев, Кубанычбек Нурматов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экономист Улук Кыдырбаев жана Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан