Жогорку Кеңеште “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. Бүгүнкү күндө өлкөгө кирген чет элдик жарандарды чыгаруу механизми жок экенин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
"Кыргыз Республикасына кирип кайра чыкпай жүргөн канча чет элдик жаран бар? Чыкпай калган адамдар кайда, эмне кылып жүрөт сиздерде маалымат барбы? Бул боюнча кайсы орган иш алып барат?" - деп суроо салды депутат Калдарбек Баймуратов.
Мамлекеттик Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Курманбек Исаков: "2018-жылы өлкөгө киргендердин саны 7 миллион 57 миң 69 адам, чыккандардын саны 6 миллион 930 миң 897 адам. Жыл сайын мындай көрсөткүчтөрдүн маалыматы түзүлүп турат. Эмне себептен чыкпай жүргөнү боюнча маалымат жок", - деди ал.
"Азыркы айтылгандардын баары бизге турист катары келгендер, алардын баары виза менен келет. Муну көзөмөлдөө үчүн бирдиктүү реестр түзүлгөн. Ар бир келген адам каттоого алынат. Бул систем боюнча УКМК көзөмөлдөйт, алар менен биргеликте ТИМ, ИИМ, Чек ара, Мамлекеттик каттоо кызматы да иш алып барат. Эгер каттоонун мөөнөтү өтүп кеткен болсо тиешелүү мекеменин кызматкерлери иш алып барат. Бүгүнкү күндө чыгаруу механизми жок, учурда бул боюнча мыйзам иштелип жатат, жакынкы убакыт аралыгында алып келебиз", - деди ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.