Депутат Өмүрбек Текебаев энергетика жана өнөр-жай министри менен жолугушту

Бүгүн, 23-июлда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев менен жолугушту. Анда энергетика жана көмүр казып алуу тармактарындагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө депутат Өмүрбек Текебаев көмүр казып алуучу ишканаларды колдоо керектигин баса белгиледи. Өз кезегинде министр кышка даярдык көрүү максатында, Таш-Көмүр шахтасынан Бишкектеги жылуулук электр станцияларына 50 миң тонна көмүр жеткирилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан