12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды.
Суроого жарандык активист Айбек Мырза жооп берип, саясий куугунтукка туш болгондордун иши кайра каралып, алар акталып чыгышы керек деген пикирин айтты.
"Муну элдин көзүн боёо аракети деп айтса болот. Саясий туткундарды коргоо комитетинин жыйынында биз айткандай эле бардык саясатчыларга бирдей мамиле кылынышы керек. Курултайдын чечиминде да саясатчылардын ишин кайра жаңы ачылган жагдайлар менен карап чыгышы кажет деп айтып жатабыз. Азимбек Бекназаров 2005-жылы Феликс Кулов сыяктуу саясатчылардын ишин кайра каратып, алар акталышкан.
2010-жылы Эркин Булекбаев, Ишенбай Кадырбековдун иши кайра каралып чыккан. Азыр да ошондой иш жасалса бийликтин адилеттүүлүгү болмок. Саясий куугунтукка кабылгандардын ишин кайра каратып, алар акталышса бир жөн. Бирок Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун абактан чыгышы алардын иши жаңы кодекстерге байланыштуу болуп жатат. Бул алар өздөрүнүн жазасын алып бүткөндөн кийин чыгышты дегенди түшүндүрөт. Акталганга жатпайт. Ошол эле саясатчылар менен бирге камалып чыккан Дастан Сарыгулов "соттолгон адам катары өлгүм келбейт" деп жатпайбы. Бул жерде кеп абактан чыгууда эле эмес, алардын ишин кайра карап чыккандан кийин акталышында болуп жатат", - деди Айбек Мырза.
Саясатчы Адахан Мадумаров, юрист Шарабидин Токтосунов, саясат таануучулар Жолборс Жоробеков, Сейтек Качкынбаев, мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акун, саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, жарандык активист Айбек Мырзанын пикирлери бул шилтемеде.