Рита Карасартова: "Текебаев, Жапаров абакта калып, төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылардын бошотулганын элдин көзүн боёо деп ойлобойм"

12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды. Суроого укук коргоочу Рита Карасартова жооп берип, эмне үчүн бул бошотулду, тиги бошотулган жок деген пикир туура эмес деген оюн айтты.

"Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов "бийликти күч менен басып алууга даярдануу" беренеси боюнча айыпталган. Бирок далил жок болчу. Телефондон бийликти басып алуу боюнча сүйлөштү деп айыптаган туура эмес. Алардын колунда курал же артында эл болгон эмес. Атамбаевдин убагында аларды камоо менен башкаларга "оозуңарды ачсаңар ушундай болот" деп эскертилген. Акыйкатсыздык толтура, бирок Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун абактан бошотулушу Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровго тиешеси жок. Бүгүнкү күндө, баарыбыз билгендей, сот бийликке көз каранды", - дейт Карасартова.

Саясатчы Адахан Мадумаров, юрист Шарабидин Токтосунов, саясат таануучулар Жолборс Жоробеков, Сейтек Качкынбаев, мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акун, саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, жарандык активист Айбек Мырзанын пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан