Саясат таануучу Жолборс Жоробеков: "Текебаев, Жапаров жакын арада бошотулат деген үмүт бар"

12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды. Суроого саясат таануучу Жолборс Жоробеков жооп берип, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулганын салыштыруу туура эмес экенин белгиледи.

“Менин оюмча, убагы келгенде Текебаев, Жапаров бошотулат. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бошотулушу жакшы нерсе. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков кыргыздын кыйын жигиттери. Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулганын салыштырып кереги жок. Текебаев, Жапаров жакын арада бошотулат деген үмүт бар", - дейт Жоробеков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, юрист Шарабидин Токтосунов, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, жарандык активист Айбек Мырзанын пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан