Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: "Учурдагы бийликтин дагы 4-5 жыл убактысы бар, алдыда кандай окуялар болот белгисиз"

12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Ал саясий туткунга кабылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга эркиндик берүү жакшы иш экенин айтты.
"Учурдагы бийликтин акыркы жылы болуп жатса саясий өңүттө камалгандарды эмнеге тандоо менен чыгарып жатат деп ойлонсок болмок. Бирок антип ойлонууга эрте. Акырындык менен аларды дагы бошотот. Саясий туткунга кабылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга эркиндик бергени жакшы иш. Мындай саясатты “кош келиңиздер” деп колдоо керек. Эми күтө туралы. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кылмыш кылып кармалган болсо башка кеп болмок, булардыкы саясий күнөө деп четинен чыгарганы жакшы иш. Ал эми азыркы бийликтин алдыда дагы 4-5 жылы бар. Алдыда кандай окуялар орун алат, азырынча белгисиз", - деди Качкынбаев.
Саясатчы Адахан Мадумаров, юрист Шарабидин Токтосунов, саясат таануучу Жолборс Жоробеков, мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акун, саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, жарандык активист Айбек Мырзанын пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан