Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун камактан чыккан жана камактагы саясатчылар боюнча: "Баары башка-башка беренелер менен айыпталган"

12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды.

Суроого жооп алуу үчүн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунга кайралганыбызда ал төмөнкүдөй оюн билдирди.

"Биринчиден, бул нерсе беренелерине жараша болот. Алар ар кандай беренелер менен айыпталган.
Асанов менен Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Жапаров "барымтага алган" деп, ал эми Текебаев "алдамчылык" боюнча айыпталууда.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров акталган жок, алар жаңы кодекстин негизинде болгону мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар маал-маалы менен барып катталып турат, бирок соттолгондугу алынбайт.

Өмүрбек Текебаев боюнча президент "ырайым сурап кайрылсын" деди, Текебаев "мен сурабайм" деди. Садыр Жапаров боюнча учурда тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдөбүз. Аны амнистия боюнча бошотуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз.

Амнистия менен чыга бериш керек, анан чыккандан кийин соттошо беришет. Ырайым берүү менен амнистия экөө эки башка, амнистия менен чыгуудан уялбаш керек", - дейт Акун.

Саясатчы Адахан Мадумаров, юрист Шарабидин Токтосунов, саясат таануучулар Жолборс Жоробеков, Сейтек Качкынбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, жарандык активист Айбек Мырзанын пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан