12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды.
Суроого жооп берген Сапарбек Аргынбаев бийлик саясий туткундарды абактан бошотуп, актаса элдин ишенимине ээ болот деген пикирде. Ал Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдон биринчи камалганын белгиледи.
“Биздин комитет Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров камалганда саясатчыларга мыйзам тебеленип жатканын айтканбыз. Текебаевдин өзүнө кайрылганда азырынча отуруп турушсун деп койгон. Алар эч качан ушундай нерсе башына тиерин ойлогон эмес. Бул табалагандык эмес. Туура түшүнгүлө. Саясий туткундарды коргоо комитети бардык саясий туткундарды бошотуу талабын көтөрүп чыгабыз. Буга чейин дагы мыйзамдын чегинде аталган талаптарды коюп, иш-чараларды уюштуруп келгенбиз. Мындан кийин дагы бул маселени көтөрө беребиз. Бийлик саясий туткундарды абактан бошотуп, актаса элдин ишенимине ээ болот", - дейт Аргынбаев.
Саясатчы Адахан Мадумаров, юрист Шарабидин Токтосунов, саясат таануучулар Жолборс Жоробеков, Сейтек Качкынбаев, мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Айбек Мырзанын пикирлери бул шилтемеде.