25-июлда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева 3 жыл ичинде аткарган иштери боюнча эл алдында отчёт берет. Маалыматка ылайык, 3 жыл аралыгында облус жетекчилиги катышкан 222 элдик жыйындар өткөрүлүп, калк тарабынан 720дай сунуш-пикир, суроо-талаптар айтылган. Суроо-талаптардын көпчүлүгү үлүш жерлерге, сугат суусуна, насыяларга, ссудаларды алууга, үйлөрдү салууга жер тилкелерин бөлдүрүүгө багытталган маселелер болду. Анын 70 пайызга жакыны аткарылып, калганы кароого алынып, айрым маселелерди чечүү үчүн жогорку органдарга жиберилген. Элдин талабы менен 2010-2013-жылдары сазга айланып кеткен 1379 гектар жер кургатылып, быйыл кошумча 2717 гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрү көп себилген.