Аваз Акимов махабат майрамында Айдана Деканы сахнага алып чыгып, колун сурады (фоторепортаж)

Бүгүн, 14-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Аваз Акимов менен Айдана Дека махабат майрамына карата концерт өткөрүүдө.

Аталган концертте Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады. Ырчы кыз толкунданып "макул" деген жообун берди.

Ал эми үйлөнүү тойду эки тараптын ата-энеси сүйлөшүп чече турганын ырчы мырза белгилеп өттү.

"Жалпы элимдин алдында сүйүктүүмдүн колун сурап алдым. Эми тойду ата-энелерибиз чечет. Толкунданып турам", - деди Аваз Акимов күлүп.

Концертке конок катары чакырылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова Айдана Дека менен биргеликте "Кыздын сыры" аттуу чыгарманы аткарышты.

Концерттин жүрүшүндө алып баруучулук кызматты аркалап жаткан "тамашоучу", актёр Эмил Эсеналиев залда отурган элди шаңга бөлөдү. Ал эми ырчылар Алмаз Шаадаев, Kg Элмурат, Дайыр Исмадияров, Нурмат Садыров, Гүлназ Чыныбек кызын сахнага алып чыгып оюн уюштурду.

Мындан тышкары залда отурган эл Аваз Акимовдун жандуу үн менен аткарган ырларын жакшы кабыл алып, зал шаңга бөлөндү. Ырчы мырза Эмил Эсеналиев да жакшы ырдай турганын айтып, экөө чогуу "Сары-Ой" чыгармасын аткарышты.

Ошондой ал чыгармачылыгына убагында жардам берген Сыймык Бейшекеевге ыраазычылыгын айтып өттү.

Бул концертке ырчы жигиттин ата-энеси келе албай калган. Алар Ош шаарында өтө турган концертке келери айтылды.

Айдана Дека бул концертте бир тууган агасы Канат Деркембаев менен "Энекебай" аттуу чыгарманы аткарышты. Бир туугандар ырдын соңунда апасына гүл сунуп, ыраазычылыгын билдиришти.

Көптөн бери эки жаштын бактылуу мүнөттөрүн күтүп келген күйөрмандары залды жаңырта кыйкырып, эки жашка бакыт, сүйүү каалап бир дуу болуп анан токтошту. Күйөрмандардын арасындагы Аваз Акимовдун чыгармачыл достору ырчынын бул кадамына сүйүнүшүп, толкуган элди сүрөп отурушту.

Сүйүү күнүндө бактылуу болгон эки жашка бакыт каалаган күйөрмандар жагымдуу маанайда үйлөрүнө кайтышты.

Аваз Акимов менен Айдана Дека кыз-жигит мамилесинде экенин өткөн жылы ырчы бийкечтин туулган күнүндө ачыкташкан.

Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады
Айдананын колун сураган Аваз, сүйүктүүсүн жашырган Алмаз Шаадаев. Концерттен видеорепортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aisu12345
2019-02-14 23:07:39
Видеосу жокпу
+3
BekAmir
2019-02-15 01:52:36
Урмат менен Нелядан улгу алгыла. 1- оорунга уй-булону койгула анан калганын...
Бактылуу болгулачы!
+14
Gulem
2019-02-15 04:57:04
Ушу концертте да колун сурабаганда,концерттен чыгып Айдана сенин колун өзү сурамак.
+10
Eliza1991
2019-02-15 23:02:34
Gulem,Ха-ха! Точно ошентмек)))))
0
Benazir08
2019-02-15 05:49:06
Бул кимдин концерти?
-5
Dembele84
2019-02-15 08:06:03
Benazir08,Алла Пугачева менен Киркоровдун концерти деп турат окубадынбы теманы ?
+32
Skarlett-Skarlett
2019-02-15 10:24:20
Бактылуу болгула!Айдана бизге келин болот экенсин.Озгон кереметтуу жер.Бактылуу уй булолор коп болсун!
+1
Agayu
2019-02-15 13:13:52
Оббо эми дегенден башка аргам калбады бул артисттерге.Омар красавчик !!!
+4
tavanova.sarah
2019-02-15 13:50:13
Почти откондогу Айданын концертинен узундуго, кичине Аваз башка ырчылар аралашып калганыле болбосо))
+3
Wold
2019-02-15 15:37:58
Ашыкча эле пиарлап салышат ушу артисттер, же пиарлап алып бактылуу болуп жашашсачы. Бул экөөсү бактылуу болушсун эми, бир жыл өтүп-өтпөйле кайра "экөөсү эки жолго түшүштү" дебей.
+2
munduz2016
2019-02-15 17:20:19
Эмнеси болсо да бактылуу болушсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан