ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: "Туулган күнүмдү Аваз Акимов жигитим катары куттуктап, күйөрмандарыбызга жарыялоосуна каршы болгон жокмун" дейт 22 жашка чыккан Айдана Дека

Бүгүн, 5-октябрда жаш ырчы, бийчи Айдана Деканын туулган күнү. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышып, бүгүнкү күнүн кандай белгилей турганын сурадык.

"Сиздерге рахмат, жыл сайын туулган күнүмдү көңүлдөн сырт калтырбайсыздар. Бүгүн мен үчүн кош майрам, биринчиден, туулган күнүм болсо, экинчиден жаңы клип жараткам, ошонун бет ачары.

Клиптин бет ачарына көптөгөн досторум, чыгармачылыктагы эже-агайлар, устаттар айтор көп адамдар чакырылган. Буга чейин образдуу клиптерди тарттырып келгем. Тактап айтканда, өзүмдүн ырдагы түрдүү образдарыма маани берчүмүн. Бүгүн көрсөтүлө турган "Шекер экен" аттуу ырдын клиби сюжетти камтыйт. Андан күйөрмандар менин актёрдук чеберчилигимди да сынай алышат.

Клиптин бет ачары 3 саатка созулары пландалган. Андан кийин эң жакын адамдарым менен тар чөйрөдө туулган күнүмдү белгилейм. 22 жашка толдум, буюрса, бул жылы да чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгектенем деген ниетим бар", - дейт ырчы бийкеч.

Айдана Деканы туулган күнү менен алгачкылардан болуп ырчы Аваз Акимов куттуктаган. Андан соң ырчы мырза интернеттеги жеке баракчасына экөөнүн сүйүү мамилесинде экенин билдирген куттуктоосун жазып, сүрөтүн жүктөгөн. Бул боюнча ырчы бийкеч буларды айтты:

"Ооба, адегенде экөөбүз мамилебизди ачыкка чыгаруу боюнча макулдашып алдык. Буга чейин көп убакыт ага-карындаштай гана мамиледе болчубуз. Ал менден 6 жашка улуу. Убакыттын өтүшү менен анын мага, менин ага ишенимим өсүп, кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык. Күйөрмандарыбызга эгер кыз-жигит катары сүйлөшүп калсак, биринчилерден болуп аларга билдирүүнү убадалаганбыз. Убадалагандай эле мамилебизди ачык билдирдик.

Аваз мени жигитим катары куттуктаганына жана күйөрмандарыбызга билдирүүсүнө каршы болгон жокмун.

Биринчилерден болуп Аваз, продюсерим Назира, Асан агай, ырчы Самара Каримова болуп келишип, мага күтүлбөгөн жерден сонун маанай тартуулашты".

Айдана Дека 1996-жылы 5-октябрда төрөлгөн. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эстрадалык вокал бөлүмүн аяктаган. Анын репертуарында "Кыздын сыры", "Жигитке, "Бийле", "Жыргап жаша", "Кыргызым" жана башка ырлар бар.

5-октябрга карата жылнаама.


кошулду
Аваз Акимов менен Айдана Дека сүйүү мамиледе экенин ачыкташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
AIA-TOO
2018-10-05 11:17:50
Артисттердин көпчүлүгү үйлөнүп, ажырашып эле жүрө беришет, булар үй-бүлөлүк бакыт боюнча коомго үлгү боло алышпайт.
+16
March26
2018-10-05 11:17:56
:-(Аваз экоон вааапше пара эмессинер Авазга ылайыктуу эмессин го менимче
+18
Alia82
2018-10-05 11:33:51
Куттуктайм келечекте бактылуу уй було болушунарга тилектешмин, сонун пара болупсунар. Коз тийбесин, соз тийбесин десенер мындан ары мамиленерди элдин козунон алыс кармап ар кадамынарды жарыялай бербегиле
+6
Umakg
2018-10-05 11:43:52
Аваз красавчик бул пара эмес мени ойум бир....
+8
AIA-TOO
2018-10-05 11:53:12
Бул кыз ким өзү? Ич кийимдин сыртынан эле кастюм кийип алганго шерменде.
+13
admin_superstan
2018-10-05 13:08:34
Chagylgan2,
Сиз айтып жаткан бөлүм бар, https://www.super.kg/jylnaama/. Ал эми Соңку кабар бөлүмүнө кандай маалыматтар жазыларын редакциялык кеңеш чечет. Сын-пикир же сунуш болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.
-3
Jasa
2018-10-05 13:28:53
Ушак эле болуп кал[moderated] деп аткам,чын экен да....эхх Аваз вкусун дагычы вапще кок алма турбайбы,бактылуу кыла алаар бекен сени,негизи эле жигиттер жакбайт,андай деп атып эле ошол сары чач,узун тырмак,кыска кийгендерди жактырат окшойт,уйго да бишкектен бир кыз келди эле квартирант болуп,эми тим эле сапсары кароткий причоска,мини юпка,тырнак кетибирген,энкейип жерде жаткан буюмду алып койбогон кыз экен,айылдык эле карапайым ондуу тустуу,намаз окумуш этип жургон бир жигит артынан чуркап журот
+6
Eli.91
2018-10-05 14:33:30
Жаш болгонуна карабай чон корунот экен,Аваз сага кенешим айылдын эле карапайым кыздарынан кара демекмин,бул сенин мурдуна жип откоруп алып ары бери суйрогудой.
+10
Alia82
2018-10-05 15:11:38
Оой адамдар Аваздын журогуно силер буйрук берсенер эле суйбой калчудай болосунар го... Ошону айтат да суйуунун кучу керемет деп же суйуунун козу кор деп коёт. Чыныгы суйуу болсо бактылуу болушсун. Силер айткан карапайым кызды суйалбаса эмне кылсын эми
0
Alia82
2018-10-05 15:14:48
Негизи ички дуйносу деп ооз коптуруп суйлой беришет анан эле тышына кызыгып эсин жогото суйуп калгандарын оздору да билбей калышат, реалдуулукта биринчи тышы жакса анан ичин баамдап коргусу келет эркектер
+5
eddi.
2018-10-05 17:35:06
Айдана Дека,сен Авазга татыктуу эмессиң,тапкан ташыганың тряпкага колдоно берсең
+4
kyrgyzstan00
2018-10-05 17:41:09
Каап Аваз эми бактылуу бол!Бирок окул ата Сыймык Бейшекеевди койгулачы.
-2
Ibragim.osh2016
2018-10-05 17:59:06
зеренин кийими мода болуп атабы дейм да азыр
+4
Siren90
2018-10-05 21:07:34
Аваз уйдун кичуусу, айылдагы уйдо кала турган бала деп окудум эле, Айдана Дека коноор бекен жонокой уй булоого Жана айылда
+4
Zaina
2018-10-06 04:45:03
Эмне мынча ичинер куйду? Парабы же пара эмеспи оздору чечет да. Айылдабы, шаардабы, главное бири бирин жактырса болду да. Азыр булар просто дружат, уйлонобуз деген жок го?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан