Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы уктурулду.
Анын жүрүшүндө, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?" деген собол салды.
Эксперт Расул Умбеталиев Бишкек ЖЭБди модернизациялоого алынган каражатты тоноп, жеген акча үчүн эл зыян тартпоосу керек экенин айтты.
"Башкы прокурордун тарифтерди кымбаттатуу боюнча баа бергенге укугу жок. Бишкек ЖЭБи модернизациялоодон 111 миллион доллар зыянга учурап жатат. Бул жерде карапайым элдин күнөөсү жок. Мамлекеттик кызматта отургандар, өкмөт башчылар, министрлер жана ошол тармактын жетекчилери жооп бериши кажет. Ал эми алар жеген акча үчүн эл зыян тартпоосу керек.
ЖЭБди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражатты уурдап, тоноого катыштыгы бар кызматкерлер аныкталды. Эми алар төлөп бериши зарыл. Булардын мүлктөрү көп. Ошол мүлктөрүн УКМК менен Башкы прокуратура толугу менен аныктап чыгуусу керек. Анткени учурда айыпталып жаткан чиновниктер мүлктөрүн жакын туугандарына каттатып койгон. Эч кимге айтпай катып койгон банктык эсептеринде акчалары бар. Алардын көмүскөдөгү байлыктарын мамлекеттин казынасына төлөтүү зарыл. Тарифти көтөрбөй, ошонун эсебинен тышкы карыздан кутулуу туура болот. Мындан башка жол жок. Элди тоной беришсе, чындык, калыстык каякта калат? Бөлүнгөн акчаны тоноп, жеп кетиштиби, эми аны "кустуруш" керек", - деди Умбеталиев.
Депутаттар Кенжебек Бокоев, Аида Исмаилова, Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикирлери бул топтомдо.