Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы уктурулду.
Анын жүрүшүндө, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен кутулууга кескин түрдө каршы экенин айтты.
"Мен жеке пикиримде нааразычылыгымды билдирем. Бишкек ЖЭБи модернизациялоого алынган каражатты төлөөнү элдин моюнуна жүктөгөндүн ордуна өздөрү жолдорун издөө керек. Башкы прокурор "ЖЭБдин эски жабдыктарынын 90 пайызын алмаштырып, капиталдык оңдоп-түзөөгө 50 миллион доллар сарптаса болот эле" деп айтты. Мына эми калган акчаларды "кустуруп" казынага түшүрсө, эч кандай электр энергияга болгон тарифти көтөрүүнүн зарылчылыгы жок. Бир жагынан катуу күрөшүп жаткан маанайды түзүшөт дагы, экинчи жагынан элдин кыжырын келтирген сунуштарды беришет. Менимче, тарифти көтөрүү Башкы прокурордун иши эмес. Бул элдин нааразычылыгын туудуруп, президентти ыңгайсыз абалга калтырып коюунун жолу. Айткан сунушунан тез кайтуусу керек. Ар ким өз ишин жасаса жакшы болот эле", - деди экс-депутат.
Эксперт Расул Умбеталиев, депутаттар Кенжебек Бокоев, Аида Исмаилова, Махабат Мавлянова, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикирлери бул топтомдо.