Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бир катар жетекчилерине сөгүш берилип, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушталды. Мындай сунушту вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 15-февралда өкмөттүн жыйынында киргизди.
2018-жылда аймактарды өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында пландалган иштер чала аткарылып, максатына жетпей калган. Ошол себептен төмөндөгү мамлекеттик администрация башчыларын ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган.
- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков;
- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.