Бүгүн Жогорку Кеңеште 2019-жылдын жазгы талаа иштерин өткөрүү даярдыктары боюнча парламенттик угуу өтөт

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жыйында “Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа иштерин өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маалыматы угулат. Баяндамачы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев болот.

Ошондой эле жыйында “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2-окууда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан