"Экономика министрлигинде, мен тарбиялаган балдар, азыр кайра мени уят кылып жатасыңар". Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Жапаров Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев эл өкүлдөрүнүн суроосуна жооп бере албаганын сынга алды.
"Мен силерге айтчумун парламентке барып депутаттардын бир суроосуна жооп бере албасаңар жумуштан кетесиңер деген талап койчу элем. Бирок азыр менин алдыма келип алып суроого жооп бере албай, жалган маалымат берип жатасыңар. Өзүңөр эле уят болбой, мени кошо уят кылып жатасыңар", - деди эл өкүлү.
Жыйында Германия Кыргыз мамлекетине бөлүп жаткан 5 миллион евро грант боюнча маселе каралып жатат.