Депутат өкмөт өкүлдөрүнө: "Силер дыйкандарды картошка айдабагыла деп жатасыңар. Анда кара куурай эксинби?"

"Силер картошка айдабагыла деп айтып жатасыңар. Анда эмне кара куурай эксинби?", - деп бүгүн, 18-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында депутат Абылкайыр Узакбаев суроо салды.

"Силер картошка айдабагыла деп айтып жатасыңар. Анан ысык-көлдүктөр эмне кара куурай эксинби? Мисалы, ал жакта дарбыз өспөй турганын билесиздер. Ысык-Көлдө картошка көйгөйү чоң. Чириген картошка жок деп жатасыңар, мен азыр картошкасы чирип кеткен дыйкандардын номерин бере алам. Кечээ мага телефон чалышты, 10 тонна картошканын ичинен 5 тоннасы чирип, жараксыз болгонун айтышты", - деди Узакбаев.

Буга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: "Сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, мамлекет тарабынан жасала турган иштерди аткаруудабыз. Учурда биз 59 вагон картошканы сатып өткөрүүгө даярдап жатабыз. Эми биз дыйкандардын үйүнө барып жүктөп кетип өткөрүшүбүз керекпи? Бул нерсени ишкерлер өздөрү жүргүзүшү керек. Рынокту кароо зарыл, эгер баасы төмөн болсо башка нерсени айдоо кажет", - деди.

"Мисалы, Таласта төө буурчактан башка эч нерсе айдашпайт. Ысык-Көлдө картошкадан башка эч нерсе өстүрүшпөйт. Муну да эске алуу керек", - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан