Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында белгисиз жагдайда 44 кызматкердин кызматтан алынганы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Кызматтан алынгандардын арасында көп жылдан бери иштеп келген тергөөчүлөр, бөлүм башчылары да бар.
Аталган кызмат кызматкерлердин мыйзамсыз иштен алынганы боюнча дооматын четке кагууда. Ал эми кызматкерлер жетекчиликтин бул аракетин куугунтук деп баалашууда.
"Биз түз ниетибиз менен иштеп келгенбиз. Көбүнө себептери айтылбай, алар жумушсуз калышты" деген кызматкерлердин бири окуянын чоо-жайын айтып берди. Ал бул тармакта иштебеген адамдын тергөөчү болуп кызматка келиши көп суроолорду жаратканын айтат.
"Оптимизация өткөн жылы декабрь айында башталган. Ага ылайык иштеп жаткандар кызматын тапшырып, кайра ордуна дайындалмак. Өздүк курамдын саны өзгөрмөк эмес. Бирок оптимизация деп опер кызматкерлердин санын өзгөртүп коюптур. Биз кайра өз кызмат ордубузга дайындалган жокпуз. Адам саны азайып же көбөйсө кайра кызмат ордуңа барбай калышың мүмкүн эле. Бирок андай дагы болгон жок. Иштен алынгандыгыбыз тууралуу буйрук 2018-жылдын 13-декабрында чыгыптыр, биз ал тууралуу 27-декабрда укканбыз. 44 адамдын кызматтан бошотулганы айтылып бизге кете бергиле деп коюшту. Эмне себептен экенин сурайын десек, нөөмөттөгү кызматкерлерге бизди имаратка киргизбөө тууралуу буйрук түшкөн экен.
Нарын, Ак-Талаа райондорунда штат ачылып, мурун милицияда иштеп, бирок бул тармакта иштебеген адамдарды кызматка чогултуп алышыптыр. Кызыгы ушул оптимизацияда Биринчи Май райондук сотунун судьясынын уулу тергөөчү болуп кирген. Мурун милиция же башка органда иштеген эмес. Ал сынактан өтүп жатканда ага кадр бөлүмүнүн башчысы суроо менен кошо жоопту да бергени айтылып жатат. Анткени анын тесттен кийинки жыйынтыгы 60 балл болгон. Биздин кызматкерлерибиз да мынчалык жогору балл алган эмес. Биз жазган доо арыз Биринчи Май райондук сотунда карала турган болгон. Бул чочулоону жаратууда. Ал Жогорку Сотко судья болууга документ тапшырганы жатыптыр. Кызматына кайра дайындалбагандардын арасында 10-15 жылдай иштегендер да бар. Алардын үй-бүлөсү, балдары бар", - дейт ал.
Белгилүү болгондой, оптимизациядан кийин 44 адам кызматка кайра коюлган эмес. Окуя боюнча коомчулукка маалым болгондон кийин кайра 6 адам кызматына кайткан. 38 кызматкердин 16сы мыйзамсыз иштен бошотулганы боюнча сотко арыз жазган.
"Азыр сотко берген кызматкерлерди "Аймактык бөлүм башчынын тескемесине" деген негизде аймактарга жөнөткөнү жатышыптыр. Мында кызматка алынбайсың, командировкага кеткен чыгымдар төлөнбөйт. Ал эми мындай учурда сага кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул ачык эле куугунтук болуп жатканынан кабар берет", - деди атын атагысы келбеген жаран.
Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан "кызматкерлеринин иштен айдалышы мыйзамсыз деген маалымат чындыкка дал келбейт" деп билдиришти.
"Иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу учурунда Кызматта оптимизация жүргөн. 2018-жылдын декабрь айында бардык кызматкерлер кадрлар катарына кирип, андан соң тийиштүү кызматтарга дайындалышкан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында кызмат өтөө эрежесине ылайык болгон. Каржы полициясынын органдарында оптимизация бүгүнкү күндө да жүрүп жатат. Кадрлар катарындагы кызматкерлер боюнча чечим кабыл алына элек. Аларга акча каражаты төлөнүп турат. Мындан сырткары кызматкерлерге жумуш убактысы жазылган табель түзүлүшү мүмкүн. Кадрлар катарында тургандарга чакыруу жиберилген. Бирок бир адам гана келди. Калганы келүүдөн баш тартышууда", - деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.
Ал эми кызматтан алынган кызматкерлер аларга айлык акы төлөнбөгөнүн билдиришти.