Караколдо каза болгон 11-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелген дагы 3 бала кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан жансыз денеси табылган мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелген дагы 3 бала 2 айга камакка алынды.

Маалыматка ылайык, 14-февралда чыккан соттун чечими менен 18 жаштагы С.Д., Ж.С. жана 19 жаштагы Н.Т. эки айга камакка алынды.

Буга чейин Каракол шаардык соту 17 жаштагы үч окуучуну 2 айга, ал эми 16 жаштагы экөөнү 1 айга камакка алган.

Окуучунун өлүмүнө шектелип 8 мектеп окуучусу кармалып, алар каза болгон бала менен жакшы мамиледе болбогонун алгачкы суракта айтышкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан