Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан жансыз денеси табылган мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү катары 8 жаран кармалган. Алардын кичинеси 16 жашта.
"Ыкчам-тергөө тобу тарабынан шектүү катары 19 жаштагы Н.Т. жана 17 жаштагы Ж.С., С.Д., А.А., К.А. жана 16 жаштагы Т.Т., Т.Э. аттуу мектеп окуучулары кармалды. Алгачкы суракта кармалгандар каза болгон жаран менен мамилелери жакшы болгон эместигин айтышкан. Алардын айтымында, маркум өткөн жылдын декабрь айында кармалган жарандардын биринин телефонун алып, сабап койгон. Мындан улам алар өч алуу максатында 11-февралдан 12-февралга караган түнү маркумду чакырып чыгып, таяк менен сабашкан. Учурда кармалган жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.