Жакында Сочи шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселе, бажы тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. Орусиянын президентинин Кыргыз бажысындагы көйгөйлөр тууралуу айтканы боюнча интернет колдонуучулар арасында "жадакалса Орусия биздин бажы кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батышы боюнча кооптонуп баштады" деген пикирлер жазылды.
Кыргыз Бажы кызматындагы коррупция тууралуу байма-бай айтылып келет. Бирок аталган кызматты реформалоо же коррупционерлер менен күрөшүү жаатында бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай элек.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев жооп берди.
Эл өкүлү Бажы тармагындагы көйгөйлөр өлкө эгемендүүлүк алгандан бери бар деген пикирин айтты.
"Бажы кызматындагы аткезчилик Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алгандан бери келе жатат. Ошону бир жылда эле жоюп, оңдоп жиберүү кыйын. Азыркы күндө ошондой көрүнүштөргө каршы күрөш башталды. Бул бир гана бизде эмес, Орусия, Казакстан менен биргеликте болуп жатпайбы. Бул жерде биздин эле күчүбүз жетпей жатат. Президент автоматташтыруу, санариптештирүү тууралуу айтпадыбы? Бул жаатта да адам факторун азайтуу керек. Бардык нерсени санариптештирсе бул жаатта көйгөйлөр азаят", - деди Нурбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Марс Сариев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев жана Даниел Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.