Жакында Сочи шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселе, бажы тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. Орусиянын президентинин Кыргыз бажысындагы көйгөйлөр тууралуу айтканы боюнча интернет колдонуучулар арасында "жадакалса Орусия биздин бажы кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батышы боюнча кооптонуп баштады" деген пикирлер жазылды.
Кыргыз Бажы кызматындагы коррупция тууралуу байма-бай айтылып келет. Бирок аталган кызматты реформалоо же коррупционерлер менен күрөшүү жаатында бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай элек.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?" деген соболуна саясий серепчи Марс Сариев жооп берди.
Ал Бажы тармагындагы көйгөйлөр ЕАЭБдеги бардык өлкөлөрдө бар деген пикирин айтты.
"Бажы тармагындагы аткезчилик боюнча Казакстан тарап да, Беларусь да көтөрүп жатат. Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнө маселени жоё албасаңар өзүбүздүн чек арачыларды коёбуз деп айтышы мүмкүн. Бул биздин өлкөнүн суверенитетине таасирин тийгизет. Орусия, Казакстан аткезчилик, көмүскө экспорт бар деп айтып жатышат. Бирок Кыргыз Бажы кызматынын башчысы "бизде аткезчилик жок" деп билдирди. Владимир Путин Кыргыз жерине келгенде да ошол эле аткезчилик биринчи маселе болот. Андан кийин аймактардын коопсуздугу боюнча маселе каралат", - деди Сариев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Абдывахаб Нурбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев жана Даниел Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.