Жакында Сочи шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселе, бажы тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. Орусиянын президентинин Кыргыз бажысындагы көйгөйлөр тууралуу айтканы боюнча интернет колдонуучулар арасында "жадакалса Орусия биздин бажы кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батышы боюнча кооптонуп баштады" деген пикирлер жазылды.
Кыргыз Бажы кызматындагы коррупция тууралуу байма-бай айтылып келет. Бирок аталган кызматты реформалоо же коррупционерлер менен күрөшүү жаатында бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай элек.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.
Ал бажы тармагында аткезчилик Орусияда да, Казакстанда да бар экенин айтты.
"Бажы кызматында коррупция биздин эле өлкөдө эмес, ЕАЭБдин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин баарында тең бар. Ошол эле Орусиянын өзүндө деле толгон-токой аткезчилик бар. Мындай нерсе Казакстанда да бар, ага биздин бир депутаттын катыштыгы бар болуп чыкканы эсиңиздерде болсо керек. Биздин өлкөдө бажы тармагында коррупция бар экенине ал жакта көп жыл иштегендердин биринин "миллион" деп аталып калганы далил. Жарды кишиге ошого жараша каймана ат коёт, бай болсо ага жараша каймана ат коюлат. Какшыктап миллион деп коюшу мүмкүн, бирок ага негизи бар да. Айта турчу нерсе, мамлекеттин алы жетпейт дейбиз, бирок коррупция менен мамлекет күрөшкөн жок да. Аткезчиликке каршы аракеттер көрүлүүдө, ушундан улам бир топ адамдар кармалып жатат. Бирок көрүнүктүү жыйынтык болушу үчүн мунун үстүнөн иштөө керек", - деди Молдалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Абдывахаб Нурбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Марс Сариев, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.