Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Бажыдагы коррупцияны жоюуга эч кимдин кызыкчылыгы жок"

Жакында Сочи шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселе, бажы тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. Орусиянын президентинин Кыргыз бажысындагы көйгөйлөр тууралуу айтканы боюнча интернет колдонуучулар арасында "жадакалса Орусия биздин бажы кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батышы боюнча кооптонуп баштады" деген пикирлер жазылды.

Кыргыз Бажы кызматындагы коррупция тууралуу байма-бай айтылып келет. Бирок аталган кызматты реформалоо же коррупционерлер менен күрөшүү жаатында бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай элек.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал Бажы кызматына таза иштеген команданы алып келүү керек экенин айтты.

"Бажыдагы коррупцияны жоймок турсун, аны менен күрөшүү эч кимдин кызыкчылыгында эмес. Болбосо Бажы кызматын азыркы технология менен башкаруу эң оной. Бул жерде туура команда келип, таза иштеген эле кишилер болгондо гана жакшыруу болот. Азыркы бийлик аталган кызматтагы адамдарды кетирүүгө кызыкдар эмес", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Абдывахаб Нурбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Марс Сариев, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан