Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйыны өтүүдө.
Жыйында депутат Кенжебек Бокоев: "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоодо окуу жайлардын ичинен бирине артыкчылык деле бербейм. Бирок тендерди уткан башка окуу жай болобу же фирмабы алар деле окутса болот. Мисалы, эмне себептен окутууну Ош университетине берсе болбойт?" - деди.
"Спортчуларды дене тарбия институту, медиктерди медициналык академия окутат. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүү менен Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы иш алып барат. Бул мыйзам долбоорун колдоо керек", - деди депутат Алмамбет Шыкмаматов.
Буга депутат Аалы Карашев: "Биринчиден бул фирма эмес, бул Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы. Бул окуу канча жылдан бери кызматкерлерди окутуп келген. Мамлекеттик буюртма жөнүндөгү жобону өкмөт бекитет. Анын механизмдери деталдуу түрдө жазылат", - деди.
Учурда комитет жыйынында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралууда.