"Азыркы учурда окуу жайлар арасында иерархия бар", - деп Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.
"Бир саат диалог кылдыңыздар, кайсы жерине барып токтойт экен деп күттүм. Азыркы учурда окуу жайлар арасында иерархия бар. Академияга жогорку билими бар адамдар, мамлекеттик кызматтарга келүү үчүн барып окушу керек. Учурда айырмасы жок болуп калды. Президенттин алдындагы академия болгон соң деңгээли өтө бийик болушу кажет.
Эмнегедир биз батыш өлкөдө окуп келди деп деңгээлин көтөрө беребиз. А бизге келгенде кайра окушу, мыйзамдарды билиши керек болот. Мисалы, Түркиядан окуган студент бул жакка келгенде ал жактын мыйзамы менен иштемек беле?
Учурда ректорлор өз оюн айткандан коркуп калышты. "Демилге көтөргөн киши жазаланат" демекчи, алар бир нерсе дешсе эле кызматтан алып коюшат", - деди Абдылдаев.
Депутаттын айтымында, академияда кандай мугалимдер иштеп жатат, кандай сабактар берилип жатат, баарын аныктоо керек.