Быйыл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга 569 миллион сом бөлүндү

Быйыл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга 569 миллион сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга каражат бөлүнбөй келген. 2019-жылы бул багытта 569 миллион сом өлчөмүндө каражат каралды", - деди Боронов.

Буга депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдар менен мекемелердин ортосундагы аткарыла турган ыйгарым укуктарды так аныктоо керектигин баса белгиледи.

"Өкмөт аталган мыйзамды аткарууга анчалык көңүл бурбай жатат. Мыйзам талаптарын аткарууда кадрларды дайындоо маселеси колго алынышы керек", - деди депутат Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө тармактык комитеттин чечими боюнча маалымат угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан