"ЖЭБди жаңылоо боюнча макулдашууну ратификациялаган парламенттин чоң күнөөсү бар" дейт коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги маселе тууралуу маалымат уктурулуп, анда депутат Ирина Карамушкина келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылган. "Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" - деген суроо салган.

Буга ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл аларын жооп кылган болчу. Өткөн жылы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев тараткан билдирүүсүндө да ушундай эле ойду айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Экс-спикер Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча макулдашууну парламент жакшы ойдо кабыл алганын айтты. Ушундай эле ойду экс-президент да билдирген. Бийликтегилер жакшы ойдо жасаса, анда күнөөлүү ким болуп калат?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев ЖЭБди жаңылоодо терең изилдөө иши жүргүзүлүшү керек болчу деген пикирде.

"ЖЭБди жаңылоодо жоопкерчилик бир эле өкмөт башчыда эмес, парламенттин депутаттарында дагы бар. Себеби Бишкек ЖЭБди жаңылап жатканда өтө чоң суммадагы мамлекетке карыз келип жатат. Кеткен чыгымдардын сметасы, чыгашалары терең изилдениши керек эле. Ушундай эле долбоор коңшу өлкөлөрдө Тажикстанда, Казакстанда канча миллион долларга курулуп жатканы боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Тездик менен кызмат абалдарынан пайдаланып мамлекетке чыккынчылык кылгандар болгон. Бул боюнча бир эле өкмөттүн эмес, парламенттин дагы чоң күнөөсү бар. Алар да жоопкерчиликке тартылышы керек", - дейт ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активистАдил Турдукулов, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан