Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоордун демилгечиси - депутат Гүлшат Асылбаева.
"Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоору аудитордук уюмдарга талаптарды күчтөндүрүү, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Азыркы учурда 112 аудитордук уюмдар жана 33 жеке аудиторлор иштеп жатат. Кыргыз мамлекетинде аудитордун сертификатына ээ болгон 407 аудитор бар, алар жеке аудитор катары да эмгек келишимдеринин негизинде иштеп жатышат.
Күн тартипке ылайык, жыйында 9 маселе каралат.