Ош. Мэрияда улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча жыйын болду

Бүгүн, 24-июлда Ош шаардык мэриясында улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулайманов, Абдимиталип Кочкорбаев жана башка мамкызматкерлер катышты. Айта кетсек, улуттар аралык мамилени бекемдөө боюнча концепция апрель айында талкууланган, бул экинчи жолку талкуу. Жыйындын жүрүшүндө Бектемир Мурзубраимов баяндама жасап, учурдагы мамлекеттик кызматтарда иштеген кыргыз улутунан башка улуттун өкүлдөрүнүн ишмердүүлү боюнча маалымат берди. Айтымында, өлкөдө 28 улуттун коомдук бирикмелери Адилет министрлигинен каттоодон өткөн.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан