Биз социалдык тармакта

Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы эмне үчүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын түшүндүрдү

Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиев кызматтан кетүү үчүн арыз жазды. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

"Жумуш ордумду алмаштырууну туура көрүп, кызматтан кетүү үчүн арыз жазууну чечтим. Саламаттыкты сактоо тармагында эле ишимди улантам. Бирок азырынча кайсы жакта иштей турганымды так айта албайм", - дейт Калиев.

Азырынча анын арызына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коё элек.

Марат Калиев бул кызматты 2015-жылдан тарта аркалап келет. Жакында премьер-министр айрым министрлик жана мекемелердин жетекчилерине кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жана эскертүүлөрдү жарыялаган. Эскертүү берилгендердин катарында Калиев дагы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан