Жогорку Кеӊеште "Инвестициялык фонддордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" бириктирилген мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар тобу жана өкмөт.
Депутат Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору аркылуу колдонулуп жаткан инвестициялык фонддордун түрлөрүнө толуктоолор киргизилип жатканын айтты.
"Квалификациялуу инвесторлор үчүн түзүлгөн акционердик инвестициялык фонд, жабык үлүштүк инвестициялык фонддор менен толуктоо киргизилет. Ошондой эле баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды ачык жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу максатында инвестициялык фонддор түзүлөт. Андан тышкары мыйзам долбоору менен баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну "жекече сунуш" менен толуктоо сунуш кылынат. Ушундай жол менен инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарын эмиссия кылуунун ыкмалары кеңейтилет", - деди Асылбаева.