Депутат Рыскелди Момбеков: "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз" дегенге толук болбосо да жарым-жартылай кошулам"

Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.

Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна депутат Рыскелди Момбеков жооп берди.

Депутат эл тарабынан айтылган сын пикирлерге толук болбосо да жарым-жартылай кошула турганын билдирди.

“Өкмөт алсыз болуп жатканы, аргасыз кадамдарга барганы, кадр саясатында катачылыктарга жол бергени боюнча айтылган сындардын айрымдары туура. Экинчиден, экономикадагы сандар, көрсөткүчтөр боюнча айтканда да өкмөт алсыз болууда.

“Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз” дегенге толук болбосо да жарым-жартылай кошулам. Себеби жасап жаткан аракеттери же болбосо өздөрүнүн милдеттерин аткарып жатканда жоопкерчиликтери бар, жок эмес. “Президент пайдасыз” деп баа бергенге азыр эртерээк, анткени 1 жыл гана болду. Бирок ал жакшы пландар менен баратат, бул жерде кептин баары аткаруу бийлигинде. Эмне себептен сот бийлиги жөнүндө айтпай жатасыңар, “сот бийлиги сокур” болуп калды десеңер ага да кошулат болчумун. “Сот бийлиги соолуп калды” дегиле мен ага да кошулам, муну силер эмес, эл көрүп айтып жатат. Эл жөн жерден айтып жаткан жери жок, алар бийлик бутактарынын аракеттерин көрүп анан ага баа берүүдө. Мисалы, президентке келген арыз-даттануулардын 45 пайызы сот жана прокуратуранын үстүнөн арыздангандардан келген. Бул нерсе сот жана прокуратуранын аткарган иштери президенттин талаптарына жооп бербегендигинен кабар берет”, - дейт Момбеков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, саясатчы Адахан Мадумаров, Кенжебек Бокоев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан