Депутат Жанар Акаев: "Депутаттар президентти таарынтып албаймбы деп жашап калышты"

Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.

Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна депутат Жанар Акаев жооп берди.

Эл өкүлү азыр Кыргыз мамлекетиндеги реалдуу бийлик президенттин колунда экенин айтты.
“Жогорку Кеңеш чындыгында алсыз. Президенттик аппараттан көз каранды. Ал эми өкмөт дагы алсыз болуп, кадр саясатында дагы эч нерсени чечпейт. Өкмөттөгү кадрлардын бардыгын президент менен Жогорку Кеңеш дайындайт. Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети президенттин карамагында. Ушул эки орган кимде болсо ошол күчтүү болуп кете берет. Парламентке 70-80 пайыз депутаттар бизнестен келген. Бизнестен келгендерге укук коргоо органдары оңой эле иш таап койсо болот. Ушундай туташ көйгөйлөр келип, өкмөт менен парламенттин чабалдыгына, күчтүү президенттик бийликтин орношуна алып келүүдө.
Президент экономикалык, социалдык маселелерге дагы аралашып кетүүдө. Анткени ал иштерди өкмөт жасабай жатат. Кыргыз өлкөсүндө Конституция менен эмес, түшүнүктөр менен жашап жатабыз. Өлкө башчыны эл шайлагандан кийин президент чечет деген түшүнүк пайда болуп калды. Жаңы Баш мыйзам боюнча эң күчтүү парламент менен өкмөт. Ал эми президент болгону тышкы саясатты карайт. Келечекте УКМКнын дагы бюджетин Жогорку Кеңеш карашы керек. Азыр алар өздөрү эле бекитип алууда же жабык. Чындыгында Башкы прокуратура менен УКМКны парламент көзөмөлдөп, алардын талапкерлигине добуш берген учурда гана парламенттик башкарууга айланат. Болбосо президенттик башкаруу болуп кете берет. Өзүбүздүн реформаларды жасаган парламентке айлансак жакшы болмок. Биз өзүбүздүн функциябызды президенттин аппаратына алдырып жибердик. Аны кайтарып алуу үчүн күчтүү партиялар парламентке кириши керек. Депутаттар биринчи кезекте президентти таарынтып албаймбы деп жашашат. Ал эми депутаттар элди таарынтып албаймбы деп жашаган учурда Кыргыз мамлекетинде көз карандысыз бийлик орнойт”, - деди Акаев.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан