Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов: "Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерге чечкиндүү чара көрбөй, алар чогулуп калды"

Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.

Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов жооп берди.

Ал бийлик тажрыйбалуу адистер менен сүйлөшүүгө барбай жатканын айтты.

“Азыр Жогорку Кеңеш дагы, президент дагы бизге керек. Эгерде алар болбосо башкаруучусу жок мамлекет болуп калабыз. Биз парламент, мамлекет башчы жасап жаткан же туура эмес жасаган иштерин айтып турушубуз керек. Өлкөдө көйгөйлүү маселелер көбөйүп кетти. Бирок президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш ошолорго карата чечкиндүү чара көрбөй, алар чогулуп калды. Тажрыйбалуу, кесипкөй адистер билгендерин айтып турушу керек. Бирок премьер дагы, өлкө башчы да Кыргыздын элитасы менен сүйлөшкөнгө бара албай жатышат. Алмазбек Атамбаевдин учурунда дагы ушундай болгон. Ал улуттук элита менен акылдашкан эмес”, - деди Мамбетов.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан