Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.
Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.
Ал Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн алсыздыгы эч кимге сыр эмес экенин айтты.
“Президент - азыркы Конституция боюнча бийликтин бутактарынын арасындагы калыс. Ал коопсуздук жана тышкы саясатты аныктоочу адам. Өлкөдө болуп жаткан экономикалык, социалдык жана укуктук кризиске Жогорку Кеңеш менен өкмөт жооптуу. Жогорку Кеңешке элдин нааразы болгон себеби булар өз бийлигинин жүргүзө албаганында. Кайсы бийлик келсе ошол бийликке баш ийип, мыйзам кабыл алуу жана аны көзөмөлдөө функциясын толук аткара албаганында болуп жатат. Канчалаган элге зыян сунуштарды берип, өздөрү криминалдык окуяларга катышып, өлкөнү укуктук кризиске келтирген да ушул парламент. Эл Жогорку Кеңешке ишенбейт. Менимче, бул чакырылыштын жумушун улантканга моралдык укуктары да калган жок. Өкмөттүн жумушун статистика эле көрсөтүп турат.
Үч пайыздык өсүш - бул өнүгүү эмес. Бул биздин өлкөнүн ордунан жылбай турганынан кабар берет. Инвестиция 30 пайызга түштү, өлкөдөн акча чыгып кетип жатат. Бул инвесторлордун өлкөбүзгө болгон ишеничи жоктугунан кабар берет. Өкмөттү сындай турган оппозиция да жок. Эки бийлик жумушун аткара албаганда эл жоопту президенттен күтөт. Бул кризистен чыгуу үчүн бизге Конституциялык реформа керек. Ички жана тышкы саясатка бир жооптуу институт тандашыбыз керек. Азыркы Конституция бардык бийлик институттарына бийлик берип, жоопкерчилик берген эмес. Бийликке көз каранды эмес, күчтүү парламент түзүлүшү керек”, - деди Акылбек.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.