Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.
Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Ал коомчулук мындай сөздөрдү жөнү жок айта бербей турганын белгиледи.
"Чындыгында бийликти бузулуп калган унаа сыяктуу элестетем. Бузулган унаа көптөн бери оңдолбой жаткандай сезилет. Бийликтин эл менен иши жок. Президент коррупцияга каршы күрөш боло турганын айтат, бирок күрөш болбой жатат. Өкмөт болсо өкмөттүк саат өткөрүп, сүйлөгөндөн башка эч нерсе аткарышпайт. Парламент ызы-чуунун чордону болуп калды. Быйыл кыштан эптеп чыктык, былтыркыдай болуп ЖЭБде авария болгон жок. Өлкөдөгү бардык көйгөйлөр боюнча президент жыйынтык чыгарып, ал азыркы абалдан кантип чыгабыз деген маселенин үстүндө иштеши керек", - дейт Токтонасыров.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаевдин пикирлери бул топтомдо.