Парламентте Энергетика жана отун ресурстары министрлигин түзүү сунушталды

Бүгүн, 21-февралда парламентте Энергетика жана отун ресурстары министрлигин түзүү сунушталды. Бул тууралуу сунушту депутат Аида Исмаилова айтты.

"Чындап эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрөлү десек, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети менен "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясын жоюп, Энергетика жана отун ресурстары министрлигин түзүү зарыл. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы Отун-энергетикалык комлексин жөнгө салуу агенттигине өзүнүн туунду энергетикалык компанияларынан аласаларын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууда. Ал эми аталган агенттиктин жетекчилиги энергетикалык компанияларга карыздарынан кутулуу жөнүндө кат жөнөттү. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы убагында мыйзамсыз түзүлгөн. Бул ашыкча түзүм экени көрүнүп турат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан