Жалал-Абад. Шаарга жыл башынан бери 8827 турист келди

Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаровдун айтымында, 2013-жылдын 6 айында шаарга 8827 турист келди. "Өткөн жылга салыштырмалуу туристтик тармактан салык чогултууда өсүш жакшы, бирок айрым мейманканалардын абалы талапка жооп бербейт",- деди Умаров. Айта кетсек, шаарда 15 мейманкана бар. Былтыр 6 айда  шаарга 6614 эс алуучу келген. "Алдыда туристтердин санын жыл сайын 10 пайызга көбөйтүү боюнча иш-пландар иштелүүдө",- деп кошумчалады аталган бөлүм башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан