Айыл чарба министри: "Казакстан аларга кеткен сууга видеокөзөмөл коюуну талап кылып, кийин картошка, алма, курманы Кыргыз өлкөсүнөн ташып кирүүгө тыюу салды"

Казакстан Кыргыз өлкөсүнөн картошка, алма жана курманы ташып кирүүгө убактылуу тыюу салганы боюнча маалымат 3 күн мурун кабарланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын отурумунда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

"Картошка, алма жана курманы ташып кирүүгө Казакстан тарап убактылуу бөгөт койгону боюнча маалыматты бизге мурдагы күнү кабарлашты. Андан 2 күн мурун Казакстандын айыл чарба министринин орун басары баштаган делегация менен эки тараптуу мамилелер боюнча жолугушуу болгон. Анда эки мамлекеттин мамилелери боюнча кеп козголгон. Ошондой эле суу маселеси да көтөрүлгөн. Казакстан тарап аларга берилип жаткан суулардын көлөмү боюнча онлайн видеокөзөмөл кылып берүү талабын айткан. Алар видеокөзөмөлдү Орто-Токой менен Киров суу сактагычына койдуртуп, Казакстанга кетип жаткан суунун көлөмү боюнча онлайн маалымат берип турууну талап кылууда. Биз ал аймактар кайтарыла турганын жана видеокөзөмөл коё албасыбызды билдиргенбиз", - деди Мурашев.

Министр Казакстан тарап картошка, курма, алма жана 4-маселе эт, сүт продукциясы боюнча фитосанитардык талаптарда жагдайлар жаралып, пикир келишпестик болуп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан