Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны Бишкекте "Медиа-форумда" өтүп жатат. Жыйынга КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышууда.
"Биздин партия эч качан күчүн жоготпойт. Эл арасында "бир күнү Атамбаев мамлекетти башкарууну өткөрүп бергендей партиясын да өткөрүп берет" деген сөз болуп жатат. Бирок андай эмес, азыр партияны таштап кетпейм. Убагы келет, ошондо өткөрүп берем. Мага президенттик шайлоо сабак болду. Биздин курам жаңылануу менен күчтөнө берет", - деди Атамбаев.
Ошондой эле ал жакынкы 2-3 айда партияда чоң өзгөрүүлөр боло турганын белгиледи. Экс-президент жыйындын башына катышып, кайра кетти.