Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны "Медиа Форум" имаратында өтүп жатат. Анда партиялык реформанын башкы максаты - жөн гана жаңылануу эмес экенин партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова билдирди.
Ал партиянын планы - баштапкы уюмдары менен КСДПнын борбордук органдарынын ортосундагы өз ара байланышты бекемдей турган туруктуу институттарды түзүү экенин белгиледи.
"Учурда партиянын катарында кимдер туруктуу болуп калганы баарына эле маалым. Ошентсе да партия күчүндө кала берет", - деди Кодуранова.
Мындан тышкаркы КСДПнын өкүлү "17-мартта митингге чыгат турбайсыңарбы?" деген журналисттердин суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.
"2010-жылдан бери 17-мартта биздин партия мындай иш-чараларды өткөрүп келет. Ошонун алкагында быйыл да болот", - деди ал.
Буга чейин маалымдалгандай, бүгүнкү өтүп жаткан жыйынга партия төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев да келди. Ал акыркы 2-3 ай аралыгында партияда чоң өзгөрүүлөр болорун билдирди.