Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокердин соттук иши боюнча айыпталып жаткан кызматкерлердин бири акталды

Жалал-Абад облустук соту өткөн жылдын август айында Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши боюнча чечим чыгарды. Маалыматты SUPER.KG`ге укук коргоочу "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова тастыктады.

Белгилүү болгондой, окуянын алдын албаганы үчүн "шалаакылык" беренеси боюнча айыпталып жаткан аскердик бөлүктүн 2 кызматкеринин бири акталган.

"Соттун чечими кечээ, 21-февралда чыкты. Майлуу-Суудагы аскердик бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары акталды. Ал эми келишимдик негизде иштеп жүргөн курулуш маселелери боюнча сержант 1 жылга шарттуу кесилди.

Мындан сырткары жоокердин пайдасына материалдык компенсация өндүрүп берүү боюнча арыз бергенбиз. Бирок сот эч кандай себебин түшүндүрбөй эле арызыбызды кабыл албай койду.

Соттун чечимин азырынча ала элекпиз. Чечимди алсак Жогорку Сотко даттануу жазабыз", - деди Абдирасулова.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.

Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан