Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат угууда. Отурумда айыл чарба министрине айтылган көп сын-пикирлерден кийин ага "кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганыңыз чынбы?" деген суроо берилди.
Суроону депутат Алиярбек Абжалиев узатты.
"Сиз өткөндө премьер-министрге киргенде кызматтан кетем деп арыз жазганыңыз чынбы? Буга чейин экономика министри Олег Панкратов да кызматтан кетем деп айткан экен. Силер чоң кызматтарды ээлеп отурасыңар, көп тармактуу иштерди кылуу керек. Антип кетем деп кекетпешиңиздер керек. Сындар айтылып жатат, бирок иштер аткарылышы кажет", - деди Абжалиев.
Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев "арыз жазган эмесмин, бирок бул кызматка жабышпайм деп айткам" деди.