Депутат айыл чарба министрине: "Сизге чириген картошка менен кирип барышты. Ушундай эле мамиле башка министрге да жасалышы мүмкүн"

"Сиздин кабинетиңизге чириген картошка алып кирген видеону көрүп сабырдуулугуңузга баа бердим", - деп Жогорку Кеңештин фракция жыйынында депутат Руслан Казакбаев айыл чарба министрине кайрылды.

"Кабинетиңизге кирип жатканына караганда сиздин эшигиңиз ачык. Демек, сизге келген жарандарды кабыл алууга даярсыз. Сизге ошентип киргендерге чара көрүлдүбү?

Министрликтин басма сөз кызматына таң калдым. Маалымат саясаты болушу керек да. Минтип кабинетке кирүү маданиятсыздык, анын башка жолдору бар. Ар бир министрдин аброю бар. Бул өкмөттүн өкүлү, эртең мындай нерсе башка өкмөт өкүлдөрүнө жасалышы мүмкүн. Министрге рахмат, ушул нерсени айтып коюуну туура көрдүм", - деди Казакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан