Министр дыйкандарга бериле турган насыя жана жер семирткичтер боюнча маалымат берди

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат укту.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев эл өкүлдөрүнө 2019-жылдын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча аткарылган жана пландалган иштер боюнча маалымат берип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

"Аймактарда дыйкандар насыя ала баштады. Дыйкан, фермерлерге насыя үстөгү жылына 6 пайыздан берилди. Мал чарбачылыгы үчүн 10 пайыз үстөгү менен берилет. 150 миң сомдон 500 миң сомго чейинки насыялар 10 ай убакытка чейин күрөөсүз берилет", - деди министр.

Ошондой эле министр керектелүүчү минералдык жер семирткичтер боюнча да маалымат берди.

"Минералдык жер семирткич боюнча айта турган болсом, жазгы талаа иштерине 140 тонна карбамид менен селитра керектелет. Учурда Өзбекстандан жалпы көлөмү 40 тоннадай минералдык жер семирткич алып келинди. Анын бир килограммынын баасы 17 сом 50 тыйындан 19 сом 50 тыйынга чейин. Негизи жер семирткичтер боюнча көз каранды болуп калуудабыз", - деди Мурашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан